Азимбек Бекназаров: Алексей Ширшовго кылмыш иши козголгон

«Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

Бекназаров энергетикадагы ири коррупциялык схемаларды түзүүгө айыпталган Алексей Ширшов тууралуу президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

– Кечээтен бери мага Ширшовго байланыштуу бир топ журналист кайрылып жатат, бүгүн Садыр Жапаровдун билдирүүсүн дагы окудум. Президентибизди кимдир бирөөлөр, балким айланасындагыларбы, айтор катуу жаңылыштыкка алып келген. Аны туура эмес нерселерди, чындыкка дал келбеген нерселерди айттырууга түрткөн. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт.

Менин толук эсимде жок, бирок Ширшовго каршы жок эле дегенде төрт-беш кылмыш иши козголгон жана ошол иштерге байланыштуу эл аралык издөөдө – Интерполдо издөөдө жүргөн.

“Убактылуу өкмөт, Башкы прокуратура иш козгогон эмес деп айтты” дегенге мен ишенбейм. Ага карата бир ишти Башкы прокуратура, дагы бир ишти Коопсуздук кызматы жана Финполция да козгогон болушу керек эле, – деди Бекназаров.

Бекназаров 2010-жылы тергөө иштерине куратор болуп, ошол маалда ар он күн сайын козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү, издөөдө жүргөндөр, сыртынан соттолгондор тууралуу коомчулукка маалымат берип турганын кошумчалады.

– Муну жалпы кыргыз эли билет, чындыкты жашыра албайбыз. Биздин президентибизди кимдир бирөө атайын, мүмкүн жек көрсөтүш үчүн “андай иштер жок” деп айтып, аны катуу жаңылыштырып жатат. Андай иштер бар, жок деген сөздөр чындыкка дал келбейт, – деп баса белгиледи.

– Ал материалдар биздин Башкы прокуратурада эле эмес, эл аралык Интерпол уюмунда дагы бар. Анын баары ошол жакка да берилет да, ошонун негизинде издөө жарыяланат. Анын издөөдө жүргөнүн элдин баары эле билет да. Биздин президентти ким ушундай жаңылышууга алып келгени мага табышмак болуп жатат. Президент муну териштирип, аны ким жаңылыштырып жатса, тийиштүү чарасын берет деп ишенем. Анткени ал чындыкка дал келбеген нерсе, – деди Бекназаров.

Президент Садыр Жапаров «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовдун кармалып, кайра кое берилгени тууралуу пикирин билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru