Азия чемпионаты: Кыргызстандык мушкерлер дагы 3 коло медалга ээ болушту

Бириккен араб эмираттарында өтүп жаткан жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар 3 медаль утуп алышты.

Жарым финалдык беттештер 26-августта Дубайда өттү.

Баястан Токтосунов (50 кг чейин), Бексултан Бактыбек уулу (52 кг чейин) жана Зухра Исраилова (50 кг чейин) 1/2 финалда утулуп, коло медалга ээ болушту.

60 килограммга чейинки салмакта Алмаз Орозбеков ирандык мушкерди жеңип, финалга чыкты.

Бүгүнкү күндө кыргыз курама командасынын эсебинде 6 коло медаль бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru