Азият Жекшеев Садыр Жапаровду акыл эстүү адамдар президент катары тааныбасын айтты

Бул тууралуу Азият Жекшеев өзүнүн баракчасына билдирүү калтырды:

(өзгөртпөй беребиз)

“Жапаровчулар эмне кыларын билбей обу жок каралоого өтүштү))

Биринчиден мен эч качан гей-парадка чыккан эмесмин! Андай жерге чакырык келсе да чыкпайм кабатыр болбогула.

Ал эми эмнеге Матраимов? Анткени ошонун акчасына баардык кыңыр иштер, жада калса жапаровчу фейктердин айлыктары берилип келет.

Эмнеге Жапаровго каршымын? Анткени өзүн хан жарялап алган киши кадр саясатын жаңылануу үчүн эмес бийлигин бекемдеш үчүн гана жасап жатат. Ал эми таңуулап жаткан “ханстутициясы” по факту жашап келген супер-президенттик башкарууну мыйзам менен бекиткени жатат.

Садыр Жапаров ту эл колдойт деп жаңыласыңар! Анткени бир уч адам гана колдойт. Акыл эстүүлөр аны Президент катары тааныбайт.

Мен өзүмдүн баардык аракетимди узурпация жолунда бараткан бийлике каршы жумшайм. Жана бул жалган бийликтин мөөнөтү дагы алыска барбайт экенин эсиңерге салам!”-деди ал

Комментарий жабык trackbacks and pingbacks are open.