Азиз Суракматов кол чабуулар менен кызматына кайтты-(ВИДЕО)

Бул тууралуу социалдык тармактарга видео жүктөлүп, кызматына кайтып келген Азиз Суракматовдун “Баарыңарга ырахмат. Мен ойлогон эмесмин ушунча киши колдоп келерин. Эрте менен балдар чалышты: «Мэрияда эл чогулуп жатат» — деп, ырахмат силерге. Азыр шаарда абал оор болуп, мына, COVID көбөйүп жатат. Жылуулукту да бериш керек. Морадерлук күч алды. Мына ушунун бардыгын азыр вице-мэрлер менен чогулуш өткөрүп, шаарда тартипти орнотобуз”-дегенин угууга болот.

Эскерте кетсек Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын 4 күн мурун жазган. Бирок аны шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.