Азык-түлүк ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алат
Азык-түлүк ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алышат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Биз азык-түлүк, дары-дармек алып келип жаткан ишкерлерди бардык жагынан колдоого аракет жасап жатабыз”,- деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, ишкерлер Бишкек шаарына, ошондой эле шаардын карантиндик аймактарына тоскоолдуксуз кире алат.
Алар төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат: Алыкулов –Ден Сяопин, Достук дачасы, Жаш-Гвардия бульвары – айланма жол, Курманжан датка – айланма жол, Киргшелк посту, 7-апрель- Токомбаев, Кожобергенов – Жеңишке 50 жыл, Семетей – Жеңишке 50 жыл, Селекциядагы май куючу жайы.