Азыркы учурда DMFAS программасы дүйнөнүн 57 өлкөсүндө жана 84 мамлекеттик мекемелерде орнотулган

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Соода жана өнүктүрүү БУУ Конференциясы (UNCTAD) ортосундагы Финансы министрлигине Карыздарды башкаруу жана финансалык  анализ (DMFAS) программасын киргизүү боюнча макулдашуу долбоорун жактырды.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун айтымында долбоордун максаты олконун сырткы жана ички карыздарын башкаруунун сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып мыйзам долбоору аркылуу кире турган программа финансы министрлигинин каттоо, иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү, отчет берүү, тышкы жана ички карыздарга анализ берүү мүмкүнчүлүгүн чыңдоого шарт түзөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, бул макулдашууга чейин КР Президентинин 2019-жылдын 10-июлундагы Швейцарияга жасаган расмий иш сапарында Кыргыз өкмөтү менен Швейцариянын федералдык кеңеши тарабынан меморандумга кол коюлган. Анын алкагындагы берилүүчү гранттын көлөмү 285 миң долларды түзөт. Ошондой эле Финансы министрлиги тарабынан 20 миң доллар бир жолу салык киргизүүгө, жыл сайын 15 мин доллардан бул системаны тейлөөгө жумшалат жана жалпы суммасы 720 миң долларды түзөт.

«Учурда DMFAS программасы дүйнөнүн 57 өлкөсүндө жана 84 мамлекеттик мекемелерде орнотулган”, – дейт баяндамачы. Тышкы жана ички карызды башкаруу, гранттарды, кредиттерди көзөмөлдөөгө, мамлекеттик башкаруу стратегиясын даярдоого аналитикалык отчетторду, маалыматтарды ыкчам берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин 90-жылдардын аягында Швейцария мамлекети тарабынан берилген техникалар менен иш жүргүзүлүп келген. Бирок бул техникалар учурдун талабына жооп бербейт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru