Азыркы жана мурунку депутаттардан 36 талапкер бир мандаттуу округдардан чыкты

Бүгүн, 13-октябрда саат 18:00дө БШК бир мандаттуу округдардан Жогорrу Кеңештин депутаттыгына талапкер болуучу жарандардын документтерин кабыл алууну аяктайт.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Бул шайлоодо 54 депутат партия аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

Буга чейин 75 партия парламенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Алардын ичинен 7 партия кайра баш тартты.

13-октябрда эртең мененкиге карата бир мандаттуу округдардан талапкер болуу үчүн Жогорку Кеңештин азыркы жана мурунку депутаттарынан 36 талапкер документтерин тапшырган.

– Алимбеков Нурбек Каарыевич — ЖК депутаты («Кыргызстан»), №8 Төлөйкөн округунан;

– Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — ЖК депутаты (КСДП), №7 Ош округунан;

– Алтынбеков Айбек Алтынбекович — ЖК депутаты («Республика — Ата Журт»). №15 Базар-Коргон округунан;

– Асылбек уулу Дамирбек — VI чакырылыштагы мурунку депутат («Кыргызстан»), №35 Ак-Суу округунан;

– Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович — VI чакырылыштын мурунку депутаты («Кыргызстан»), №33 Нарын округунан;

– Бакиров Өмүрбек Мырзараимович — ЖК депутаты (КСДП), №4 Көк-Жар округунан;

– Бекешев Дастан Далабайевич — ЖК депутаты (КСДП), №28 Октябрь округунан;

– Жээнбеков Равшан Бабырбекович — V чакырылыштын мурунку депутаты («Ата Мекен»), №29 Ленин округунан;

– Жолдошбаев Камчыбек — ЖК депутаты («Өнүгүү-Прогресс»), №26 Ленин округунан;

– Жээнбаев Өскөнбай Сатыбаевич — ЖК депутаты («Республика — Ата Журт»), №11 Алай округунан;

– Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович — ЖК депутаты (КСДП), Чүй-Кемин округунан;

– Жумабеков Дастанбек Артисбекович — ЖК депутаты («Кыргызстан»), №20 Манас округунан;

– Ибраев Саматбек Кулукеевич — ЖК депутаты (КСДП), №34 Жети-Өгүз округунан;

– Икрамов Тазабек Икрамович — ЖК депутаты («Өнүгүү-Прогресс»), №13 Сузак округунан;

– Иманалиев Каныбек Капашович — ЖК депутаты («Ата Мекен»), №25 Аламүдүн округунан;

– Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевна — V чакырылыштын мурунку депутаты (КСДП), №34 Жети-Өгүз округунан;

– Исаев Канатбек Кедейканович — ЖК депутаты («Кыргызстан»), №31 Чүй-Кемин округунан;

– Карашев Аалы Азимович — ЖК депутаты (КСДП), №12 Өзгөн округунан;

– Кемелов Акылбек Канатбекович — ЖК депутаты («Республика — Ата Журт»), №34 Жети-Өгүз округунан;

– Койчуманов Мээримбек Нурбекович — ЖК депутаты («Кыргызстан»), №27 Биринчи май округунан;

– Кулбараков Абтандил Илдузович — ЖК депутаты (КСДП), №32 Кочкор округунан;

– Кунакунов Максат Касымжанович — IV чакырылыштын мурунку депутаты («Ак Жол»), №26 Ленин округунан;

– Мадылбеков Туратбек — V чакырылыштагы депутат («Ата Мекен»), №23 Москва округунан;

– Малиев Арсланбек Касымакунович — мурунку депутат, №34 Жети-Өгүз округунан;

– Маннанов Ильхом Абдукахарович — ЖК депутаты (КСДП), №6 Араван округунан;

– Матраимов Искендер Исмаилович — ЖК депутаты (КСДП), №9 Кара-Суу округунан;

– Мурашев Нурбек Мурпазылжанович — ЖК депутаты («Бир Бол»), №16 Ноокен округунан;

– Ниязалиева Дамира Абаскановна — V чакырылыштагы депутат (КСДП), №32 Кочкор округунан;

– Осмонов Айбек Жапарович — ЖК депутаты («Бир Бол»), №7 Ош округунан;

– Примов Улан Бердибаевич — ЖК депутаты (КСДП), №11 Алай округунан;

– Райымкулов Бактыбек Кемелбекович — ЖК депутаты («Республика — Ата Журт»), №22 Жайыл округунан;

– Рысбаев Равшанбек Рысбаевич — ЖК депутаты (КСДП), №4 Көк-Жар округунан;

– Сулайманов Алтынбек Турдубаевич — ЖК депутаты («Бир Бол»), №5 Ноокат округунан;

– Төлөнов Данияр Эрмекович — VI чакырылыштагы мурунку депутат («Кыргызстан»), №10 Куршаб округунан;

– Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович — ЖК депутаты («Өнүгүү-Прогресс»), №19 Токтогул округунан;

– Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — ЖК депутаты («Кыргызстан»), №18 Ала-Бука округунан;

– Эргешов Алмазбек Манасбекович — VI чакырылыштагы мурунку депутат («Кыргызстан»), №17 Аксы округунан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru