Бүгүн өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Ишемби күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Талас, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…-5, Нарын чөлкөмүндө -2…-4 градус болот. Ал эми Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru