Бүгүн, 29-апрелге карата аба-ырайы
Бүгүн, 29-апрелде күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Чүй облусунда +19…+24
Талас облусунда +18…+23
Баткен облусунда +22…+27
Ош жана Жалал-Абад облустарында +22…+27
Ысык-Көл облусунда +18…+23
Нарын облусунда +18…+23
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы +22…+24 градус болот.