Бүгүн сот экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасын карайт
Мындай маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы таратты:
“Экс депутат Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасы бүгүн саат 14:00до каралат”-деп билдирди мекемеден.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровго каршы жасалган митингде модератор болгон Каныбек Осмоналиев бийликти басып алууга аракет жасаган деген аракет менен 4-март күнү камакка алынган.