Бүгүн таң эрте жер титиреди
Бүгүн, 16-мартта таңкы саат 05:54тө Кыргызстанда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарланды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эңилчек-Тоо тоо кыркаларында катталып, Таш-Короо айылынан батыш-чыгышты карай 25 чакырым, Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кең-Суу айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 99 чакырым алыстыкта катталган.
КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү: Таш-Короо, Курган, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.