Бүгүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Бүгүн, 27-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru