Бүгүн Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулмай болду

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Жыйын Жогорку Кеңештин имаратында саат 14:00дө өтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru