Бүгүндөн тарта Тажикстанда мечиттер кайра иштеп баштайт

Бүгүн, 20-марттан тарта Тажикстанда коронавируска карата көрүлгөн чараларга байланыштуу жабылган мечиттер кайра иштеп баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Мукимдирн билдирүүсүн жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

“20-марттан тарта Тажикстандагы бардык мечиттер намаз кылуу үчүн ачылат. Жума намаздарга уруксат берилет”, – деп билдирген басма сөз катчы.

 Аталган комитет жамаат менен намаз кылуу учурунда инфекциялык оорулардын, анын ичинде коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жарандарды сактык чараларын аткарууга чакырат.

Эске салсак, коронавируска карата көрүлгөн чараларга байланыштуу Тажикстанда бардык мечиттер 4-мартта жабылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru