Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча?

Бүгүн, 22-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 297 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 160 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 567 куб метрге жетүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru