Бүгүнкү коррупция менен мафия, кландар менен партиялар мындан бир кылым мурдагы басмачылардан эч айырмасы жок

Коммунисттик система – ​элдин бийлиги

Бүгүнкү коррупция менен мафия, кландар менен партиялар мындан бир кылым мурдагы басмачылардан эч айырмасы жок.

АКШ баш болгон капиталисттер орноткон президенттик-парламенттик башкаруу системалары Кыргызстанды жок болуу абалына алып келди. Бул системалар коррупциялык жана мафиялык системалар болгондуктан үч жолу Элдик революциялар болуп, үч жолу бийлик кулатылды. Бирок, кыргыз мамлекетин талкалап, кыргыз элин чачыратып келаткан кылмыштуу системалар кайрадан уланууда.

Анткени Марксизм-Ленинизмден эч түшүнүгү жок чала сабат кыргыз президенттери, кыргыз парламенти, капиталисттер орноткон «өзүн-өзү жок кылуу системаларын» ишке ашырып келатышканын бирөөсү да түшүнбөйт.

Кыргыз президенттери илим-билимден алыс болушуп, түшүнүктөрү тар адамдар болгон үчүн Улуу Октябрь Социалисттик революциядан кийинки социализм менен капитализмдин тирешүүлөрүн, 1941–1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштан бери уланып келаткан идеологиялык согуштун максатын түшүнө алышкан жок. 30 жыл мурдагы Кыргызстандын ички душмандарынын тилине кирип капиталисттердин айтканын ашыгы менен аткарып туруу тарыхый катачылык болгон. Коммунисттик системадан өч алууну көздөгөн бир жазуучунун артынан кете берген кыргыз эли тескери жолго түшүп, «өзүн-өзү жок кылуу системасын» орнотуп алышкан. Айтып-деп, эскертип турган адам менен президент өзү баш болуп «Соттошом!» деп чыккан. Эң кызыгы, айтканды укпаган президенттер биринин артынан бири айдалып чыгып жатышты. Андан да кызыгы, мурдагы өздөрүнүн коммунисттик системаларын уланта беришкен республикалар, Россия-Кытай өнүккөн өлкөлөргө айланышты. Аларда эч кандай революция менен иши жок өнүгүп жатышса, бизде бир эмес үч жолу революция болду. Бирок, ашмалтай болуп бүткөн кыргыздар мурдагы эле таз кейпинде. Эптеп шайлоолорду өткөрүп, эптеп бийликке жетишсе болду. Өзгөчө, парламенттик шайлоодо 500 миң доллардан миллион долларга чейин берип депутат болбой калгандар акчаларын доолап, жанды сууруп алчудай болуп турушат. Мындай коррупция Кытай өлкөсүндө болгондо бергендери да, алгандары да атууга кетишмек. Коррупциялык Кыргызстанда болсо коррупцияга каршы күпүлдөп жүргөндөр чоң кызматтарга жетээри менен жоошуп калышат. «У нас парламентаризм» деп жүргөн «жоош» президент парламенттин айынан отставкага кетсе, кийинки президентти да ошондой тагдыр күтүп турат. Себеби, парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанды чачыратып жок кылуунун эң ылайыктуу формасы катары НАТОнун сценарийи боюнча орнотулган. Бул пландын аткаруучулары болгон НАТОнун мүчөлөрү Х. Клинтон менен А. Меркель, саясатты түшүнбөгөн Р. Отунбаева менен Ө. Текебаевди пайдаланышкан. Андан кийин А. Атамбаевге атайын келген А. Меркель Атамбаевди далыга таптап тамырын тартып кеткенден баштап «У нас парламентаризм!» деп сайрай баштаган. Кийин, парламент сатып кеткенде «көсөөнүн акылы түштөн кийин» болуп парламенттин «чимкирик» экенин айта баштады. Эки президентти жолго салган парламент кийинки президентти да узатып коёру турган иш. Жыйынтыгында, жалаң карама-каршы принципте түзүлгөн Конституция, бийлик бутактары, башкаруу системалары мамлекетти коркунучтуу абалга алып келди. Бүгүнкү коррупция менен мафия, кландар менен партиялар мындан бир кылым мурдагы басмачылардан эч айырмасы жок. Сакалчан динчилдердин бирөөсү жогорку билимдүү болуп калса, калгандары колдоо көрсөтүп, мэрияны басып алганга даяр экенин көрсөтүштү. «Басмачылар каптап кетишсе талап-тоноп, талкалап, өрттөп кетишеби» — ​деп жандарын ооздоруна тиштеп отургандар толтура.

Кыргызстандагы кооптуу абалды эске алган В. В. Путин, Канттагы авиабазаны чыгарып кетүүгө даяр экенин айтып, авиабазадагы самолётторду учурбай туруп өрттөп жиберишеби деп кооптонот көрүнөт. Биздегидей караңгылык-жапайычылык бир кылым мурда Россияда да болгон. Орустардын бактысына Улуу жол башчы В. И. Ленин жаралып калып, Коммунисттик системасы менен Россияны сактап калган. Кийин СССР мамлекети түзүлүп, Коммунисттик партиянын башкаруусунда кыска убакыттын ичинде укмуштуудай өнүккөн Улуу державага айланышкан. Коммунисттик системаны орнотуп алган Кытай өлкөсү Супер Державага айланып эң биринчи орунга чыкса, биз кыргыздар, эң акыркы орунда калдык. Мындан улам Кыргызстанды Африканын жапайы өлкөлөрүнүн катарына кошуп коюшкан. Өнүгүүнүн эң кыска жолу болгон Коммунисттик система кыргыз элинин улуттук менталитетине, улуттук идеологиясына дал келет. Бул система кыргыз эли коюп жаткан талаптарды толугу менен камтыйт. Бүгүнкү айтылып жаткан Конституциялык реформа, Люстрация закону, Курултай институту, кыргыз элин бир гана Элдик партияга бириктирүү жана башкалары болуп баары Коммунисттик системанын ичинде. Коммунисттик системанын орношу менен 30 жылдан бери келаткан толгон-токой кризистер автоматтык түрдө чечилет. Кыргыз эли бир гана (Коммунисттик эмес) Элдик партияга бириккенде зор күчкө айланып коррупция менен мафияны бир заматта сүрүп чыгарат. Эскертүү катары айта кетсек, Коммунисттик система, Коммунисттик партия деп ачык чыкканда Коммунисттерден өлөрчө корккон капиталисттер бизге каршы аттанып жөнөшөт. Ошондуктан, ойлонбой туруп согуш ача берген капиталисттерден сак болуп, жөн гана Элдик система, Элдик башкаруу, Элдик партия, Элдик контроль деш керек. Кийинчерээк кыргыз мамлекети бутуна туруп Россия менен Кытайдын деңгээлине жетип барганда ачыкка чыкса болот.

Зарлык Дыйканбаев

Булак: “Жаӊы Ордо”

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru