Бүгүнкү митингчилердин айынан эпидемиологиялык кырдаал кескин курчушу ыктымал

Бишкекте оору күчөп, коронавирусту жуктургандар көбөйө баштаганда, атайылап кара ниеттик менен митингге чыккандардын аракетине  кандайдыр бир баа берилиши керек.

Статистикалык маалыматтар күнүнө 200дөн кем болбой жатканда бул эмне деген жоопкерчиликсиздик. Илдет кайдан,кантип жугуп калаарын эч ким так аныктай элек. Мунун барын, көрүп-билип туруп кылгандары бу!

Карап тур, 3 күн, 5 күндөн кийин митингге чыккандардын баарын – үйүр тобу менен ооруканалардан көрбөсөк болду. Өздөрү эле ооруса бир жөн. Дагы канчалаган кишилерге жугузуп жатышат. Дагы канчалаган адамдардын убалына калып жатышат. Үйлөрүндө бала-чакаларын, бир туугандарын, ата-энесин ойлобогон кандай немелер экени түшүнүксүз.

Кычагансып, дал ушул илдет көп жайылып аткан шартта митинг кылышат. Ушул мыйзамга каршы  дал ушундай күндөрдө элди топтоп алып, марш өткөрүүнүн ушунчалык зарылчылыгы бар беле?

Коомдук коопсуздук, элдин саламаттыгынан дагы жогору бир нерсе барбы учурда? Мындай жеке кызыкчылыктары үчүн коомго коркунуч келтирген топтун баарын чогултуп туруп обсервацияларга жаткыруу керек. Бийлик жөн эле карап отура бербей чара көргүлө. Азыр учур митингдин эмес, коронавирустан сактануунун учуру болуп жатат. Озүн ойлобосо койсун, башкаларга жугузушпасын эмне болсо дагы!

Leave A Reply

Your email address will not be published.