Бөгөт коюу чарасы өзгөрбөсө, депутат Асылбек Жээнбековдун тарапкерлери митингдерди улантат-(ВИДЕО)

Бүгүн, 7-июнда Кара-Кулжа районунда 500 дөн ашык адам катышкан депутат Асылбек Жээнбековдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө.
“Асылбек Шариповичтин адвокаттары анын бөгөт коюу чарасын өзгөртүү талабы менен сотко кайрылганын уктук. Ошол чечимди күтөбүз. Эгер Жээнбеков камактан бошотулбаса, биз митингдерди улантабыз”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын депутаты Жээнбеков Асылбек Шариповичти коргоо жана колдоо штабынын жетекчиси Турат Оморов.
“Митингдерди Кара-Кулжада гана эмес, Ош, Бишкек шаарларында да уюштурабыз. Анткени, Жээнбековдун тарапкерлери Кара-Кулжада гана эмес, башка аймактарда да бар. Депутаттык ишмердигинде бир гана биздин өрөөндүн эмес, жалпы кыргызстандыктардын көйгөйүн чечкен, көрүнүктүү депутат. Үч чакырылыштагы парламенттин депутаты болду. 4 жылдан ашык парламенттин төрагасы болуп иштеди, кыргыз парламентин, кыргыз өлкөсүн эл аралык ареналарда татыктуу таанытты. Өз милдетин так, таза, өлкө кызыкчылыгында аткарды. Асылбек Шарипович – республикалык масштабдагы, өзүнүн салмактуу орду бар көрүнүктүү саясатчы. Ошондуктан анын таламын биз башка аймактардагы тарапкерлери менен бирдикте коргойбуз”, – деди Турат Оморов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.