Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Аналитикалык борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Аналитикалык борборунун салтанаттуу ачылышына катышты.  Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

 Салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, вице-премьер-министр борборду түзүүгө көмөктөшкөн эл аралык донорлорго ыраазычылыгын билдирип, алардын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы он жаңы заманбап автоунааларды, компьютерлерди жана башка шаймандарды алып жаткандыгын белгиледи. 

 «Мен аларды оперативдик жана сервистик иш-аракеттерде колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизаттарга каршы программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун ачкычы болот деп ишенем», – деп баса белгиледи Максат Мамытканов.

 Андан ары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына автоунааларды өткөрүп берүү актысына салтанаттуу түрдө кол коюлду.

 Жыйынтыгында Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп жаткан конвенциялардын алкагында өз ишин улантат деп ишендирди.

 «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон жана болуп кала берет», – деп жыйынтыктады Мамытканов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru