Байдын кызы, Кененбаевдин келини, Отунбаеванын жээни, Максимдин жеӊеси Айжан Чыныбаеванын шумдуктуу жүрүштөрү

Борбор калаанын жаӊы вице-мэри Айжан Чыныбаеванын атасы Адамкалыйды кимдер тааныбайт? Кыргыз бажысы жаӊы ачылганда эле жаӊы майлуу-сүттүү орунга отурганын билебиз. Бир канча жыл бою Чүйгө келген товарлардын баары бул кишини уруксаты менен катталчу беле?

Айжандын бир тууган таэжеси айтылуу Роза Отунбаеванын өзү. Кайнатасы – байыркы аким жана мурдагы президенттик администрациянын орун басары, чириген бай Болот Кененбаев. Сураксыз олигарх! Бир тууган кайын сиӊдиси Айжан Кененбаева кадимки Максим Бакиевдин аялы.

Ушундай өзү “шикарно упакованная” Айжан Чыныбаева башта Сапар Исаковдун негизги колдоочусу болуп, 2018-жылы жазында ага жагалданып жаштарды уюштуруп чуркап жүрсө, ошол эле жылы күзүндө Сокеге кошомат кылып, анын катарына өтүп, “селпилдешип” калганын кантип айтпай калалы?

Шайлоодо Алтынбек Сулаймановго чап жабышып, “Бир Бол” партиясы менен аттанып, марага жетпей калып, эми Балбак Түлөбаевдин батасы менен вице-мэр болуп, бул да Фейсбуктан чыкпай, кечээ күнү балдардан “дети, вы хотите в школу?” деп эӊ оорчундуу маселелерди тамашага салып, каткырып, чалчактап, карапайым элди шылдыӊдагансып жумушка киришти, Эмне дейбиз, элибиздин шору көп тура!

Байдын кызы, манаптын келини болсоӊ эле баарын өзүӊдөй ток көрбө! Карапайым калк тишинин кирин сорууда, сага кыжырданууда!

Баргы Кусейинов, АЗИЯnews

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru