Байсалов эки университетти сындап, рыноктун талабына жооп бербей турганын белгиледи

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Эдил Байсалов КМТУ бир катар лабораторияларын көрүп чыкты, маалымат борборлорун жана кафедраларын кыдырып, студенттер менен баарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары КМТУ жана КМКАТУ профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушууда окуу процессин сынга алып, бүтүрүүчүлөрдүн учурдагы билими жана ЖОЖ окуу программалары экономиканын жана рыноктун заманбап талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, университетти өлкөдөгү өндүрүштү жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө күчтүү импульс бере ала турган инженерлерди чыгара турган “мыктылардын борборуна” айландыруу керек.

Өз кезегинде БМУ ректору Абдылда Мусаев Эдил Байсаловго университеттин акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берип, ошондой эле окуу жайга караштуу институттар менен маданий-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. 

Минкаб башчысынын орун басары университеттердин ректораты менен окутуучуларын  студенттерди окутуу процессин жана алардын жашоосун өзгөртүү, ошондой эле алардын атаандаштыкка туруштугун жогорулатуу жана алган билимдеринин сапатын жогорулатуу максатында кардиналдуу чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго тапшырууда педагогикалык жана инженердик-техникалык адистиктерге артыкчылык берүүгө чакырган маалыматтык кампанияны ишке ашырууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru