Байыш Курманов, Ысык-Ата районунун акими: “Эгерде үй-бүлөнүн кирешеси 2674 сомдон ашса жардам берилбейт”

Бизге окурмандардын бири кайрылып “Ысык-Ата районуна карашттуу Серефимовка айылында өкмөттөн келген ундар сатылууда. Анысы аз келгенсип айрымдары курттап да кетиптир. Айыл өкмөт башчы болсо элдин арасына келбей жатат. Ушуну көзөмөлдөп койсо”-деген. Бул дооматка Ысык-Ата районунун акими  Байыш Курманов буларды билдирди:

“Мунун баардыгы жалган, курулай жалаа. Өкмөттөн жалпы 432кап ун келген. Учурда анын баарын соц пакети барларга таратып бердик. Дагы келсе дагы таратабыз. Эгерде жардам алабыз деген үй-бүлөнүн кирешеси 2674 сомдон ашып кетсе ун берилбейт. Ал эми сиз атап өткөн айылга 14 кап таратып бергенбиз. Айыл өкмөтү күнү-түнү жарандар менен иш алып барууда”-деди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru