“Садыр Жапаровдун митингине чагымчылдар аралашат, азабын өздөрү тартышат”-дейт Жогорку Кеңештин депутаты

Келээрки жума 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары  Жогорку Соттун имаратынын алдына чоң митинг өткөргөнү турушат. Албетте, ар бир адам митингге чыгып өзүнүн пикирин билдирүүгө акысы бар. Бирок ал өлкөнүн тынчтыгына эч кандай таасир бербеш керек.  Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык митингде сүйлөө үчүн көп адамдар чакырылган. Мындан сырткары өлкөнүн тынчтыгын каалабаган адамдар да аралашышы күтүлүүдө.  Мындан улам ал күнү өлкөдө баш аламандык жаралышы мүмкүн. Ал эми мындай ишке баргандардын жазасы өтө оор болот. Буга чейин дагы массалык баш аламандык уюштургандыгы үчүн  Саясатчылар Бектур Асанов, Камчыбек Ташиев, Кубанычбек Кадыровдор 7 жылдан 12 жылга чейин соттолушкан.  Дал ушундай эле провокациялык маанай жараткысы келген  Алмазбек Атамбаев учурда абакта сурак берип жатат.  Кыргызстан мыйзам иштеген өлкө. Ким гана абакка кесилбесин анын саясый салмагы эмес, жаран катары абалы эске алынышы керек.  Ошол эле Садыр Жапаровдун өзү башаламандык уюштурганы үчүн жазасын өтөп жатат. 11 тарапташы камалып чыкты. Азыр да абакта жаткандары бар.  2-марттагы митингде баш аламандык орун алып калышы мүмкүн дегендердин катарында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков дагы бар. “Өлкөдө кандай гана митингдер болбосун ага чагымчыл күчтөр аралашат.  2-мартта дал ушундай провокациялар болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен митингди колдобойм. Мыйзам баарыбызга бирдей иштейт. Садыр Жапаровдун дагы тарапташтарын түшүнөм. Азыр анын иши каралып жатат. Жөн эле өлкөгө чуу сала берүү жарабайт”-дейт ал өз сөзүндө.

Жогоруда эскертип кеткенибиздей чагымчылдык кылабыз дегендер кимдир бирөөнү курмандыкка чалып, абакка кириптер кылып коюшу мүмкүн.  Садыр Жапаровдун иши учурунда  соттун 3-станциясында  мыйзам чегинде каралып,  чечим чыккан. Муну баарыбыз билебиз.  Андыктан  соттордун чыгарган акыркы чечимин күтүп, кандай гана чечим чыкпасын ага баш ийүүгө баарыбыз милдеттүүбүз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru