Бактыбек Турусбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “Той аштарды, токтотуп, мектептерди, университеттерди убактылуу жабыш керек”

–Бактыбек Сагындыкович, мектептерди жабуу сунушун бериптирсиз. Бизде короновирус каттала электе эрте баштап алган жокпузбу?

–Кыргызда сактансаң сактайт деген жакшы сөз бар. Бүгүн эле бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму короновирусту пандемия деп жарыялады. Демек бул  баардык жактан сак болушубуз керектигин билдирип жатат. Ооба, Кудай сактасын, алдын ала даярданып койсок жаман болбос эле. Илимпоздордун айтымына караганда  короновирус жайында адамдарга көп жукпайт экен. Мектеп, бала бакчаларды жаап турсак, балдар жайында деле окуп коё беришет.

–Тойлорду токтотуп туралы деп бир нече ресторан бизнеси барларды таарынтып алган жоксузбу?

–Алдын ала алардан кечирим сурайм. Ресторанга жок дегенде 500 киши барат. 500 кишинин кайдан келгенин ким билет. Тойдо дайыма кучакташып беттен өөп учурашабыз. Анда деле жугат. Жакшылыктын эрте кечи жок, баардык коркунуч өтүп кеткен соң тойлой беребиз. Кыргыздан той качпайт го. Бул биздин салтыбыз.  Ал эми чоң соода дүкөндөрдүн, мечиттердин, алдына колду жууп кире тургандай шарт түзүү зарыл. Антпесек болбойт.  Баардык чогулуштар, мамлекеттик иш чаралар токтотулуп жатат. Бул жакшы, эл дагы дүрбөлөңгө түшүп, тигил бул ушактарга ишенбей, өкмөт айткан дегендерге баш ийсе эле, бул коркунучтан оңой өтөбүз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru