Бактыгүл Чыныбаева: Кыргызстан климаттык саясатта аксап жатыптыр

Климаттык өзгөрүүлөрдү эл аралык деңгээлде чагылдырып берүүдө Кыргызстан аксап жатыптыр. Мындай пикирин саламаттык, экология багытындагы журналист Бактыгүл Чыныбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

1-14-ноябрда Глазгодо Бириккен улуттар уюмунун  климаттын өзгөрүүсүнө багытталган тараптардын 26-саммити (COP-26) болуп өткөн. Масштабдуу иш чараны жеринен кыргыз тилинде чагылдырган Бактыгүл Чыныбаева саммиттен алган таасирлери менен бөлүштү.

— Акыркы өткөн дүйнөлүк масштабдагы (COP-26) саммитинен сиз кандай ойлор менен келдиңиз? 

— Негизи COP 26 тараптардын конференциясы деп аталат. 1993-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан иш чара былтыр пандемияга байланыштуу биринчи жолу өтпөй калган. Негизи COPтун масштабы аябай чоң. Ага тараптарга кирген 120 өлкөнүн лидерлери, мүчөлөрү барат. Ал жакта ар бир өлкөнүн өзүнүн павильону болот. Андан сырткары уюмдардын, партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, ММКлардын, жаштардын өз-өзүнчө панелдик талкуулары болот экен. Бул талкуулардын баардыгы дүйнөнүн келечеги, глобалдык келечек тууралуу.

Климаттын өзгөрүүсү десе, бизде мисалы, Кыргызстанда тар чөйрөдө дайыма таштанды көйгөйүн, же жел баштыктар сыяктуу жөнөкөй нерседен баштайбыз. Бул жакка барып катышканда биз, Кыргызстан, дүйнөнүн бир ажырагыс бөлүгү экенибизди көрдүм. Ошол масштабды көрүп, өзүм да таң калдым. Борбор Азиядан барган журналист катары жалгыз мен башынан-аягына чейин чагылдырып жүрдүм. Жалгыз болгонго да кыйын экен, анткени өзүңдүн да миссияң бар, андан сырткары өзүм таанып-билейин деген нерселер аябай көп болгондуктан, ошол масштабдын өзүнө жетишпейт экенсиң. Ошондо эмнеге биздин региондон, аймактан журналисттер ушул темага кызыкпайт деп ичимден аябай өкүндүм.  Себеби кайсы аймактын журналисттери бул темага кызыкса, ошол аймакка болгон дүйнөнүн кызыгуусу дагы артат экен.

Мисалы, Африкадагы кесиптештеримди көрүп, абдан суктандым. Африка жакыр өлкөлөрдүн катмарын түзөт, ал жакта территориясы да чоң, климаттык өзгөрүүсү күндө жаңылыктарга чыгып турган жакыр өлкөлөр бар. Мисалы, Кения, Буркина-Фасо сыяктуу. Алардын ал саммитке катышкан журналисттери ушунча көп, англисче укмуш сонун сүйлөшөт,  өзүнүн аймагындагы климаттык, глобалдык проблемага таасири тийет деген темаларды ушундай жакшы чагылдырып беришет. Индиядан дагы ошондой чагылдырып беришет экен. Филиппиндик жакшы журналисттер бар экен. Ошол эле саясатты жазган журналисттер барып, «климаттык саясат болмоюнча, өлкөнүн саясатын элестетүү мүмкүн эмес» деген макалаларды жазса, эмнеге Борбор Азияда мындай нерсе жок деп менин оозум ачылды. Ал жактан бир топ англисче түз эфирлерге да катыштым, анан аларга да Борбор Азиядан менден башка журналист, медиа өкүлдөрү барбаганы таң калычтуу болду.

Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу үчүн жакыр өлкөлөргө 100 млрд долларды бөлүп беребиз деген саясат бар да. Ошол саясатта Борбор Азия чөлкөмү артта калып жатыптырбыз. Себеби, биздеги климаттык өзгөрүүлөрдү эл аралык деңгээлге майын чыгара көрсөтүп берген журналисттер жок экен. Ошого аябай өкүндүм. Ушул себептен улам биздин климаттык саясатыбыз да аксап атыптыр. Биздин дүйнөдө ээлеген позициябыз да ушул себептен аксап атыптыр деген тыянак чыгардым. Негизи мындай чоң масштабдагы иш-чараларга биздин Кыргызстандын эле эмес, региондун журналисттери барып, катышып, проблеманын масштабын көрсөтүүгө аракет кылышыбыз керек экен деген бүтүмгө келдим.

— Бул саммит сизди экологияга байланыштырган биринчи иш чара эмес. Сиз буга чейин да экология маселесин көп көтөрүп келгенсиз. Өзүңүздүн сөзүңүзгө таянсак, эмне себептен Кыргызстан, андан сырткары Борбор Азияда экология темасы саясатта да, журналистикада да анчейин актуалдуу эмес?

— Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүн чагылдырган журналисттердин башын бириктирген уюм бар. Эки күн мурда ZOOM конференция болду. Ал уюм бекер ушундай конференцияларды өткөрүп турат. Ошого катышып, башкалардын жасаган докладдарын угуп отурсам, мисалы, Түштүк Чыгыш Азия регионунукун көрүп отурсам, эксперт «Коронавирустун климаттык өзгөрүүгө тийгизген таасири» деген темада талдап, теманы жиликтеп берип жатат. Бул — биз үчүн өтө татаал тема. мага абдан кызык болуп андан: «Сиз кайсы маалыматка таянып талдап жатасыз, илимий маалыматка таянып жатасызбы, же биринчи маалыматты кайдан алдыңыз, өзүңүз барып элден сурамжылоо жүргүздүңүзбү?» -деп сурадым.  Суроомо «Журналисттердин иликтөөлөрүнөн» деген эң жөнөкөй жооп алдым. Журналисттер ошол эле саламаттык, экология темасына канчалык көңүл бурса, саясатчылар да, эл да көңүл бурат эле. Тилекке каршы, Кыргызстанда дагы, Борбор Азияда дагы ушул эң негизги эки базалык нерсеге көңүл буруп турган ЖМКларды же журналистиканын күчтүү тармагын көрө элекмин. Ушул эки маселеге көңүл бурсак, биздеги саясий журналистикадагы атмосфера дагы башкача болот беле деген ойдомун.

—  Бизде тармактык журналистика дээрлик жок десек болот. Медиаэксперттер «Кыргызстанда медиалардын өзүн өзү каржылоосу кыйын, тармактык журналистика этабына биз келе элекпиз» деген жүйөлөрдү айтып келишет. Сиз эки тармакты чагылдырып жүргөн журналистсиз. Сиз бул айткан жүйөлөргө канчалык макулсуз? Тармактык журналистиканы биз кантип өнүктүрөбүз?

— Балким билсеңиздер керек, БиБиСиде Дэвид Аттенборо деген атактуу климаттык, экологиялык журналист бар. Азыр Дэвид Аттенборонун айткан ар бир сөзү дүйнөлүк лидерлер үчүн бир саясий окуяга айланат. Дэвид Аттенборону азыр журналист катары эмес, чечим чыгаруучу адам, саясатчы катары кабылдаган чөйрө аябай көп.

Бизде климатты жазыш керек десе, редакциядагы эң чабал журналистти жөнөтүшөт. Медицина, ден соолук темасын деле үйрөнчүккө беришет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru