Бактылуу болсоң, эмнеге мени издедиң?

Эл эс алууда болсо, биздин жумуш кайнап аткан кез. Туш тараптан келген жалган чыны аралашкан маалыматтарды элге беришибиз керек. Капыстан телефонум чырылдай калганына карасам Россиянын номери экен. “А, ал жакта калып калган мигранттар го”-деп ала койдум. Алоо деген үндөн дароо таанып, бүт денем калчылдап чыкты.  Качанкы үн? Качанкы адам элең? Ал жайыбызды сурашып, кыздуу болгонуңду айтып бапылдап сүйлөп жаттың. Ортодо эч жылдар өтпөгөндөй мен баланча деп атыңды атап койгонуң күлкүмдү да жинимди да келтирди. Мындайың жок эле мас окшойсуң.  Сураштырып жүрүп номеримди тапканыңды, кызыңдын ысымын менин атымдан койгонуңду айттың. “Мен аябай бактылуумун, келинчегим сонун адам”-эле дейсиң. Ал сонун болсо, бир кезде кайрылбай басып кеткен  мени издейт белең? Арадан канча өттү? Дээрлик он жылга чукул убакыт.  Сенден эки жаш улуу түштүктүн кызы болгонум үчүн кайрылбай кетип калганыңды айттың. Жүрөгүмдө эң сонун адам деп элестетип, колунда бар кишинин кызы болгонум үчүн үйлөнбөй койду деп өзүмдү күнөөлөп жүргөм ушунча убакыт. Жакшы адам деп келген пикирим дароо сапырылып кетти.  “Сени түштүктүн кызы, улуу деп үйлөнгөн эмесмин. Бирок нак Баткендин сулуусуна баш коштум. Сен менден эки жаш улуу болсоң, ал менден төрт жаш улуу. Абдан жакшы аялым бар”-дегениңди угуп күлкүм келди.

   Бактылуу болсоң  мени эмнеге издеп жүрдүң? Эмнеге эстеп номеримди сураштырып чалып кыйналдың? Бактылуу экениңди айтып коюу үчүнбү? Бактылуу эркектер эч качан мурдагы сүйгөнүн эстеп, ысымын кызына койбойт да. Же мен жаңылышып атамбы? Же аны бактылуу кылган жоксуң, байкуш аял мага чалып жатканыңды, кызынын ысымы күйөөсүнүн унута албай жүргөн студент кездеги сүйүктүүсүнүн  аты экенин билсе кандай абалда калаарын элестетип көр.

    Же мени, же өзүңдү бактылуу кыла алган жоксуң. Бул тагдырды экөөбүзгө сен тандадың. Эми сенин тандооң менен жашап атабыз. Тагдырдын тандоосу мындайда шоона эшпей калат турбайбы. Баарынан да менин кайда иштээримден канча балам бар экенине чейин билет экенсиң. Ушунча изилдеп жүрүүгө эмне анча кызыктар болдуң. Бактылуу экенимди билип туруп, эми жашоомо кирбе. Сага орун жок, өзүңдү да мени дагы кыйнаба, суранам сенден…

Интернеттен алынды

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru