народный

“Бакыт” борбору убактылуу жабылды

Жалал-Абадда облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү “Бакыт” борборундагы 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мында иштеген 25 медицина кызматкери обсервацияга жиберилип, кайрылган бейтаптар мындан ары облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланат.

Соңку аптада коронавирус илдетинин жарандар арасында жугуу көрсөткүчү басаңдаган. Ага ылайык, аталган жайдын иштөө муктаждыгы убактылуу жоюлуп, даярдык чаралары көрүлгөн шартта жабылды.

Белгилей кетсек, облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы 95 орунга ылайыкташкан. Азыркы учурда анда 43 орун бош. Акыркы суткада облуста 35 жаңы учур катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru