Баласын аёосуз сабаган атанын аты жөнү, жердиги белгилүү болду. Москванын милициялары кармап кетти

Бул тууралуу аты жөнүн айтууну каалабаган жаран “коом press” cайтына маалымдады:

“Көргөн көзүбүзгө ишене албай эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигиттин аты жөнү  Эмил Пирназаров, (Фейсбукта ушундай катталган) документтеги фамилясы Жунусов, 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан  милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru