Балбак Түлөбаев, Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы: “Гей-парадга каршыбыз, бирок токтото дагы албайбыз”

  8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата былтыр атайын айымдардын укугун коргоо максатында жөө жүрүш өткөн. Жүрүштө “Мен он бала төрөбөйм, чай кубайм, денемди өзүм билем”-деген  чакырыктарды көтөрүп, шаарды айланып чыгышкан. Алардын арасында экс-депутат  Равшан Жээнбеков, жарандык активисттер Улан Үсөйүн, Айбек Турдалы, Рита Карасартовалар бар болчу. Албетте, бир ууч топтун мындай аракети коомчулукту дүрбөлөңгө салып бир топ сөздөр айтылып басаңдаган эле. Быйыл дагы дал ушундай аялдардын укугу демиш болуп бирок, батыштын  каада-салтыбызга туура келбеген жөө жүрүшүн жасаганы турушат. Муну уюштуруучулар ачык эле айтып, атүгүл мэрияга дагы билдирүү жөнөтүүгө жетишкен. Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бул жөнүндө “коом press” cайтына:- “Ооба,  аялдардын укугу боюнча жөө жүрүш өткөрүү боюнча тийешелүү адамдардан билдирүү келип түштү. Мэрия эч качан улуттук каада-салтка каршы келген иш чараны колдобойт. Бирок тыю салып коюууга да акысы жок. Мен болгону билдирүүнү кабыл алып, укук коргоо органдарына өткөрүп бердим”-дейт.  Деги эле кыргыздын каада салтына туура келбеген мындай жорукка карама-каршы чыккандардын бири Тазабек Икрамов аларды тыйып, эч качан жөө жүрүш жасатпаш керек деген пикирде. “Аялдардын укугу демиш болуп  каада-салтыбызды тебелегендерге мен таптакыр каршымын. Кыргыздын эркекмин деген ар бир жигити муну колдобойт. Андайларга укук коргоо органдарды чара көрүп митингге тыю салуу зарыл. Мындай нерселер көндүмгө айланып кетсе, өсүп келе жаткан муундарыбыздын психологиясына тескери таасирин тийгизет”-дейт парламенттин өкүлү. Ошентсе да депутаттардын арасында жөө жүрүштү колдогондор дагы бар. Алардын  бири  депутат Абдывахап Нурбаев:-“Кыргызстандын баш мыйзамында “ар бир адам мыйзамдагы укуктарын пайдалана алат”-деп жазылып турат.  Мен аялдардын укугун коргогон жүрүштөргө каршы эмесмин.  Алар деле Конституциялык укуктарын пайдаланып жатышат да”-деген пикирин айтты.

Кыргыз калкынын салтында аял кишинин укугу абдан жогору корголот. “Кыздын чачы улук, энени сыйла, эне ыйык”-деген сөздөр менен байыртадан бабаларыбыз  аялзатын көкөлөтүп сыйлап келишкен. Мындан ары деле ушул бойдон калат деген бекем ишеничтебиз.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru