народный

Балбак Түлөбаев Бишкекте коронавирус оорусунун чокусу качан болорун айтты

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу.  Бул тууралуу мэрияда өткөн жыйында борбор калаанын мэринин  милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

 Анын айтымында, коронавирустук инфекциянын эң жогорку чеги, алдын ала маалыматтар боюнча, 15-20-ноябрь күндөрү болушу мүмкүн.

 «Ыктыярчыларды окутуп, аларды эки топко бөлүү керек – тамак-аш жеткире тургандар, ошондой эле медициналык ыктыярчылар.  Кандай болсо дагы, күндүзгү стационарларды, транспорту жана врачтар үчүн жатакана  даярдаш керек.  Шаарда эпидемиологиялык кырдаал анчалык деле оор эмес.  Эгерде биз 20-ноябрда ушундай темп менен өтсөк, анда бардыгы жакшы өттү деп айтсак болот», – деди Балбак Түлөбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru