Балбак Түлөбаев: Бизден эт да сурай башташты, бул жардамыңарга тойдук деп

Бишкек шаарындагы муктаж адамдарга азык-түлүк тизме менен бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, азык-түлүктөр таратылып жатканда, бардыгы видеого тартылып, паспорттордун көчүрмөлөрү алынат.

“Бизден эт да сурай башташты. “Эт качан бересиңер? Эт жейт элек. Пияз, сабиз алып келгиле, бул жардамыңарга тойдук” дегендер да болуп жатат. Демек, эл эт сурап жаткандан кийин жардамдар муктаждарга толук жетип жатат деп ойлойбуз. Кээ бир райондордо кайрымдуулук уюмдар эт дагы таратып жатышат, бирок, аны биз тараткан жокпуз. Бизден сурабаңыздар. Балким, аны башка уюмдар берип жаткандыр” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru