Балбак Түлөбаев элди шылдыңдаган мэриянын кызматкерлерине каттуу чара көрөөрүн айтты

Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев “коом press” сайтына билдирди:

«Ал балдар сөзсүз жазасын алат. Териштиребиз, жасалып аткан иштердин баарын ушинтип жокко чыгаргандар дагы болот экен. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү видеого тарткыла деген буйрук болгон эмес. Кызматкерлерге каттуу чара көрүлөт»-дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн интернетке мэриянын кызматкерлеринин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун бөлүштүрүп жаткан видеосу тарады. Анда  жаш балдар үйлөргө кирип документ сурап “унуңар барбы, ушуга Кудай дегиле”-деген сөздөрдү айтып жатышканын көрүүгө болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru