Балбак Түлөбаев компьютердик клубдарды кыдырды

https://www.facebook.com/balbak.tulobaev

 Учурда коронавирус тарап кетпеши үчүн билим берүү тармагы толугу менен карантинге алынып, каникулга таратылган. Бирок,  баары бир балдар көчөдө,  компьютердик клубдарда жүрүшөт. Бул тууралуу «коом press” сайтына Бишкек шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди:

“Бүгүн атайын шаардагы компьютердик клубга рейдге чыгып, эки үчөөнө кирдим.  Ичинде 100дөй адам олтурса, анын 80%ы окуучулар. Аларга кайсыл мектепте окуйсуң, эмнеге үйдө эмес, көчөдө жүрөсүң десем ар түрдүү шылтоолорду айтышты. Эртеңден баштап баарды интернет клубдарга барам. Окуучуларды тизмелеп, үйдө кармабагандыгы үчүн ата-энесине айып пул салышат.  Ал эми компьютердик клубдун ээлерине айып пулу боюнча мыйзамдарды карап, чара көрөбүз”-дейт.

Эскерте кетсек, билим берүү тармагындагылар бүгүн 16-марттан баштап каникулга чыгышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru