Балбак Түлөбаев: “Орозайым боюнча пикирим: Саясатта аял-эркек деген болбойт”

Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Балбак Түлөбаев жазды.

Пикир өзгөртүүсүз берилди:

“Калайык!
Негизи адам өзүнө эмне каалабаса, башкага да ошону каалабаш керек. Эртеден бери мага жазбаган калбады, Орозоайым Нарматова боюнча эмне дейсиз деп.
Ар бир адам өз тагдырын өзү жолго салат. Эгер ал коомго алынып калса анда ого бетер абайлаш керек. Ким болсо болсун элге кызмат кылууда, коомго кызматта, мамлекеттик кызматта жыныска бөлүү болбойт. Кээде өлкө аяалдын коомдогу баркын көтөрүүдө позитивдик бөлүнүүчүлүккө жол берет, бирок ал норма.
Орозайымдын эмнеге кармалганын бизге айтат го, ошого чейин сабырдуулук кылуу керек. Эгер айткан сөзү үчүн, саясий көз карашы үчүн камалса, анда иш чатак. Бирок адамдын абройуна шек келтирип, сөгүп сагып, ушак- айың менен саясат ушу экен деп ойлоп алса анда иш башка.
Негизи Кыргызда сөздү, акыйкаттыкты, чындыкты муунта албайсың. Ошону үчүн аны баалап, коргош керек”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru