народный

Балбак Түлөбаев жоголуп кетти: Аны акыркы жолу мэрдин кеӊешчиси уят сөздөр менен сөккөн! – ФОТО

 

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат  башчысы Балбак Түлөбаевдин Фейсбуктагы аккаунту өчүп, байланыштан сырткары калды. Ал, Бишкек мэриясынын тарыхында эӊ популярдуу аппарат башчы катары элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон. Социалдык байланыш тармагында эл менен тыгыз кызматташып, айтылган сындар жана көйгөйлөргө чукул чара көрүп келген.

Аны, 2 күн мурда калаа башчы Азиз Суракматовдун кеӊешчиси Гуля Алмамнбетова өзүнүн “твиттердеги” баракчасы аркылуу оозго алгыс, эркек кишинин жыныстык мүчөсү аралашкан сөздөр менен тилдеп жазган. Ошондон кийин Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасын өчүрүп чыгып кетти.

Интернет колдонуучулар аппарат башчынын интернеттен жоголуп кеткенине кабатыр болушууда.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru