Балбан Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктады

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу спортчу бүгүн, 17-февралда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Жолчубеков спорттук кийимин символикалык түрдө Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды.

Каныбек Жолчубеков — студенттер арасында 2 жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Leave A Reply

Your email address will not be published.