народный

Балбак Түлөбаев: “Айсулуу Тыныбекованын батири боюнча Дастан Бекешов жалган маалымат тараткан”

Mындай пикирди Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев «коом press» сайтына билдирди.

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, “Президент  тарабынан белек катары жеңишке жетишкенден кийин спортчуларга берилген батирлердин баардыгы убактылуу берилет. Спортчулар  өздөрүнүн наамына жаздырып жеке менчикке чыгара алышпайт. Бул туура эмес”-деп айткан болчу. Депутаттын маалыматын Бишкек мэриясынан четке кагып, мындай деди:

“Депутат Дастан Бекешов айтып жаткан нерсе туура эмес маалымат. Биз президент тарабынан белекке берилген  спортчулардын, ошол эле Айсулуу Тыныбекованын дагы батирлерин эч качан убактылуу бербейбиз. Айсулуунун өзүнө Президент берген батир дагы спортчу кыздын наамына жаздырылып берилген. Ортодо атайын процедураларын жасап, менчикке өткөрүп алат. Болгону аны сата албайт, бирок жашайбы, же туугандарын киргизип алабы өзү билет. Эч кимге убактылуу батир берилбейт”-дейт Балбак Түлөбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru