народный

«Балдар сизди талкалайбыз деп жатышат»: Мас болуп УКМКга келген чиновниктин чөнтөгүнөн чыккан акчалар

Социалдык фонддун Талас району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин иши боюнча материалдар Жогорку сотко чейин жетти.

Талас облустук прокуратурасы Талас шаардык жана Талас облустук сотунун чечимин жокко чыгарууну сураган.

Иштин фигуранты Илимбай (аты өзгөртүлдү Ы.И.С.) 1975-жылы Бакай-Ата районунда туулган. Мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 328-беренеси (пара берүү) менен айып тагылган.

2021-жылдын январь айында УКМК Социалдык фонддун Талас району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ы.И.С. кармалгандыгын кабарлаган. Анда аталган жетекчи командировкалык чыгымдарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишти токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом акча сунуштагандыгы айтылган. Ал кармалып, Талас ОИИБге камакка алынган.

Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан 2021-жылы май айында Талас шаардык сотунун өкүмү менен акталган.

Иштин материалдарына караганда, акча 2021-жылдын 11-январында УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгында тергөөчү М.Д.нын кабинетинде берилген. Ага катар эле Илимбайды текшерүү учурунда жанынан 13 миң 400 сом акча табылган.

Прокурор облустук сотко кайрылган апелляциялык арызында шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Илимбайды УКМКнын кызматкерине акча берүүгө айыптуу деп табууну сураган. Ал өз сөзүндө шаардык сот топтолгон бардык далилдер боюнча юридикалык баа берген эместигин айткан.

Ал эми жактоочу шаардык соттун өкүмүн өз күчүндө калтырууну суранган.

Сот отурумунда Социалдык фонддун эсепчиси Э.И. күбө катары маалымат берди. Ал 2020-жылдын декабрь айында УКМКнын кызматкерлери алардын командировкалар боюнча документтерин алып кеткенин айтты. 2021-жылдын январь айында аны УКМКга чакырып «Командировкага чыгарылган буйруктарда датасы көрсөтүлбөй, туура эмес түзүлгөн экен. Сүйлөшпөйсүңөрбү?» деп айтышкан. Ал «начальнике айтып көрөйүн» деп жооп берген. Жумушуна келип жетекчисине жагдайды түшүндүрүп айткан.

Кийин интернеттен жетекчиси кармалгандыгын билген. УКМКнын тапшырмасынын негизинде соцфонд боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өзүлөрүнүн ички аудити келип текшерип, эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Аудитке документтерди УКМКнын кызматкерлери берген.

Сот отурумунда УКМКнын кызматкери Майсалбек (аты өзгөртүлдү М.Д.) биринчи инстанцияда берген көргөзмөсүн колдоп, 2020-жылдын 17-декабрында Талас райондук социалдык фонд башкармалыгы тарабынан мамлекетке зыян келтирилип жатканы боюнча Талас облустук УКМКнын коррупцияга каршы кызматына тергөө тапшырмасы келип түшкөнүн айтты. Аталган тапшырманы аткаруу ага тапшырылган. Анын алкагында болжол менен 2020-жылдын 17-декабрында УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын коррупцияга каршы кызматынын кызматкери Асылбай (аты өзгөртүлдү А.У.) менен биргеликте Талас райондук Социалдык фондунун кызматкерлеринин жеке телефон номерлерин алганы барган. Ошол күнү мекеменин жетекчиси Илимбай менен биринчи жолу таанышкан. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин, 2021-жылдын 6-январында жумуш ордунда отурган кезде кесиптеши Асылбай эшиктин сыртына чакырып, аны Социалдык фонддун жетекчиси Илимбай менен жолуктуруп, өзү жеке иштери менен кетип калган.

Илимбай сөз башында «Жумуштан сырткары өзүңөрдүн алдыңарга келдим. Бул жагын өзүңөр карап жатыпсыңар. Өзүңөр чечип бергиле. Өйдө эмес, ылдый эмес 70 миң сом алып келдим. Социалдык фонддо болгон мыйзам бузууларын моюнга алам. Сотко өткөрбөй чечип бергиле. Прокуратура кызматкерлери боюнча өзүм чечип алам» деп убадаларын берген. Бул сүйлөшүүдөн кийин ал өзүнүн кабинетине кирип кеткен. Андан кийин өзүнүн жетекчилигине Социалдык фонддун жетекчиси Илимбай 70 миң сом пара сунуштап жаткандыгы жөнүндө маалымат берип, кылмыш иш ачылган.

2021-жылдын 11-январында Илимбай УКМКнын Талас облустук башкармалыгынын имаратына келген. Экөө кабинеттеги отургучка отурганда ал курткасынын ичинен кызыл папканы алып чыгып, «бул баягы сүйлөшкөн нерсе» (акча) деп ал отурган иш столунун үстүнө коюп, «прокуратура жагын өзүң бүтүрөсүңбү же өзүм бүтүрөйүнбү?» деп сураган. Ошол учурда кабинетке тергөө тобу кирип келген. Соттук өндүрүш Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен жүргүзүлгөн.

Сот отурумунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Асылбай дагы биринчи инстанцияда берген көргөзмөсүн колдоду. Ал айыпталуучу Илимбай УКМКнын имаратына келип, андан сураганганы үчүн тергөөчү Майсалбекти чакырып чыгып жолуктурганын, бирок өзү алардын сүйлөшүүсүнө күбө болуп, алардын жанында турбагандыгын айтты. Илимбайдын кармалганын кийин интернеттен билген.

Cот отурумунда айыпталуучу Илимбай апелляциялык сунушка каршы болуп, жактоочусу тарабынан келтирилген каршы пикирди, тергөөдө жана биринчи инстанциялык сотто берген берген көрсөтмөлөрүн толугу менен колдоп, ага узугулган айып боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал 2020-жылдын 15-декабрында саат 14:00до Талас районунун Социалдык фондуна УКМКнын 2 кызматкери соттун токтомунун негизинде келишип, 3 жылдык командировочныйлар боюнча бардык документтерди алып, саат 24:00 кетишкенин айтты. 2021-жылдын 5-январь күнү башкы эсепчиси Э.И. анын

уюлдук телефонуна чалып, «УКМКнын кызматкерлери сиз менен сүйлөшүш керек болуп жатат. Суракка алышат экен. Сүйлөшпөйлүбү деп сизди чакырып жатышат» деп айткан. Ошол эле күнү ага УКМКнын кызматкери Асылбай уюлдук телефонуна 4 жолу чалган. Асылбай экөө саат 18:00 чамаларында мэриянын алдынан жолугушкан.

Асылбай менен таанышканына 1 жылдан ашып калган. Ошол күндөн бери экөө тааныш болуп, жезде-кайни катары чай ичишип жүрүшкөн. Себеби Асылбай Бакай-Ата районундагы айылдардын биринен болгонун, ал эми өзү (Илимбай өзүн айтып жатат) ошол айылдын күйөө баласы болгон. Ошондуктан УКМКнын кызматкери Асылбай экөө жезде-кайни болуп жүрүшкөн.

Илимбай УКМКнын кызматкери Асылбайга жолукканда ага эмне маселе болуп жатканын айткан. «Эмнеге мени чакырдыңар?» деп сураганда Асылбай ага «Жезде, билесиз да Соцфонддун документтерин алып кеткенибизге 1 ай болуп калды. Ошол күндөн бери тынчсыңар. Кылмыш иш ачылып калгандан кийин билесиз да сиздерди 6-7 ай сүйрөй беребиз. Иш козголуп кетти, буйрук келди. Биздин балдар сизди талкалайбыз деп жатышат. Сүйлөшпөйлүбү» деген. Ага бул жерде сүйлөшө тургандай эч нерсе болгон эместигин, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айткан. Асылбай кайниси ага «коллективден акча чогултуп, сүйлөшүп бүтүрүп салбайсызбы» деп айткан.

Ага макул болбой сүйлөшө албай турганын, кызматкерлер командировкаларга жумуш менен барып жатышканын, которулган акча каражаттары аларга жетпегенин, кантип алардан акча чогултуп берэрин айтканда Асылба ага «Жезде аларга каршы чыкпай эле коюңуз. Баарибир «нарушения» табылат. Балдар сизди «подстава» кылсак дагы сизди талкалайбыз деп жатат» деп айткан.

Илимбай андан эмнеге алар антип жатканын сураганда «Биздин майрамыбызда да куттуктап келген жоксуз. Жаңы жылда да куттуктап келген жоксуз. Жетекчилердин бардыгы келип учурашып жатышат. Сиз эч нерсе кылган жоксуз. Балдар сизге көрсөтөбүз деп жатышат» деп айтканда ага «менин эч кандай күнөөм жок» деп айткан. Асылбай болсо «Бул ишти Майсалбек (аты өзгөртүлгөн) аттуу бала карап жатат. Ал менен сизди жолуктурайын. Сиз ал менен сүйлөшүп, бүтүрүп салбайсызбы» деп айткан.

Асылбай андан ары сөзүн улап, «Билесиз да жыл сайын ветерандарга чай беребиз. Аны Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү биз уюштурабыз. Биз бир аз карыз болуп калдык, жардам керек болуп жатат. Кылмыш иш ачылып калды. Ишти 6-7 айга чейин сүйрөп, чакырып коюп кабыл албайбыз. Кыскасы балдар көрсөтөбүз деп жатат» деп айткан. Ал канча бериш керектигин сураганганда Асылбай «сиз канча бере аласыз?» деп сураган. «30 миң сом болобу?» деп сураса Асылбай «бул аз» деп айткан. Ага макул болбой, акча берүүдөн баш тарткан.

Асылбай эртеси күнү ага чалып, 2021-жылдын 6-январь күнү УКМКнын кызматкери Майсалбек үчөө жолуккан. Ал жерден Майсалбай «нарыраак баралы бул жакта камера бар» деп айткан. Алар аллеядагы эстеликтин артына басып барышкан. Ал жерден Асылбай аны кесиптеши Майсалбек менен кезиктирип коюп кетип калган. Майсалбек экөө калганда ортолорунда майрам боюнча сөз болгон. Майсалбек ага кылмыш иш ачылып калды деп айтып, 4 манжасын көрсөткөн. Илимбай аны 4000 доллар же 400 миң сом бериш керек экен деп түшүнүп, аны бере албайм деп айткан. Майсалбек «жетекчилик менен акылдашайын, өзүм байланышам» деп УКМКнын имаратына кирип кеткен.

Илимбай 2021-жылдын 11-январында кошуналары менен ичимдик ичип кызуу абалында болгон. Болжолу саат 12:00-13:00 чамасында Майсалбек анын уюлдук номерине чалып, саат 17:00го суракка чакырган. Ал келгенде имараттын ичине киргизип сурак алып жатканда тергөөнүн балдары кирип келип, «пара берүү» деп айтышканын. Аны мойнуна алган эмес.

Тергөөчүлөр анын чөнтөгүнөн 33 миң 400 сом таап чыгышкан. Анын 20 миң сому баласынын контрагына төлөнө турган акча болсо, ал эми 13 миң 400 баласынын кийимине деген акча болгон. Ошол учурда мас абалында болгондугуна байланыштуу бардыгы так эсинде жок.

Илимбай сөз аягында УКМКнын кызматкерлерине ишти жаап бүтүрүү үчүн 70 миң сом сунуштабаганын айтты.

Талас облустук соту 2021-жылдын 1-июлундагы чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

  • Иштин материалдары Жогорку сотун сайтына жайгаштырылган.

Булак:Turmush

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru