Балдарына алимент төлөбөгөн ата экинчи ирээт үйлөнүп жатканда кармалды

Эквадордо полиция үйлөнүп жаткан күйөө баланы мурунку аялына алимент төлөбөй койгону үчүн камакка алды. Бул тууралуу Daily Mirror кабарлады.

Аты аталбаган адам коноктордун көзүнчө сүйүктүүсү менен шакек алмаштырмакчы болуп, бирок болочок жубайына “ооба” деп айтууга үлгүрбөй, полиция кызматкерлери залга кирип келишкен.

Полиция кызматкерлери иш-чаранын ортосунда эквадордукту кармап, участокко алып кетишкен. Ыйлаган келин унаанын артынан чуркап, кыйкырып калып калган.

Көрсө, эки баланын атасы мурунку аялына бир нече айдан бери алимент төлөбөй жүргөн экен. Эркек киши өз күнөөсүн мойнуна алды. Ал камактан бошотулдубу жана акыры үйлөндүбү белгисиз.

Социалдык тармакта элдин пикирлери экиге бөлүндү: айрымдары келинге боор ооруп, айрымдары балдарына таппаган акчаны үйлөнүү үлпөт тоюна тапкан эркек кишини айыпташты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru