народный

Бардык кызмат адамдары аттестациядан өтүшөт

Мамлекеттик органдарды реформалоодон кийин бардык кызмат адамдары аттестациядан өтүшөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Бакыт Аманбаев ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында билдирди.

Ал ведомстволор аралык комиссияга кыска убакыттын ичинде бардык органдардын түзүмүн оптимизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

“Бардык мамлекеттик кызматкерлер өз позицияларына бардык жагынан дал келиши керек. Көп жылдан бери  пайдасы жок иштеп келген  кызматкерлерден кутулабыз. Реформанын акыркы этабында мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтүп, жаңы кызмат орундарына сынактын негизинде гана кабыл алынат », – деди Бакыт Аманбаев.

Ал белгилегендей, өкмөт мамлекеттик аппараттын 10 пайызын кыскартууну пландап жатат.

“Кыскартылгандан кийин эмгек акыны көтөрүүгө болот”,- деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru