Бардык жарандар дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө болот

Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтоткон. Бирок соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып барышууда. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

“Бардык жарандарды дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru