народный

“Баркына жетишкен жок” Каныбек Исаковдун кызы атасын эскерди

Бул тууралуу маркум Каныбек Исаковдун кызы Айзирек Исакова өзүнүн социалдык баракчасына билдирүү жазды:

(өзгөртүүсүз берилди)

“Менин авам. Бизде атабызды ава дейбиз, чоң атабызды ата дейбиз. Атамдын көзү тирүү турганда, авам бизди ата дедиртип алганы, атасынан өзүн улуу сезип алганы болуп уят деп эсептелинет.  Менин авам Каныбек Исаков, мен авам менен сыймыктанам. Авамдын көзү тирүү болгондо, кимдин кызы же уулу экенибизди жашырчубуз, авамдын жүзүн жер каратпаганга аракет кылчубуз. Авамдын атын көп жерлерге аралаштырып уят кылдырып албайлы деп аракеттенчүбүз. Авам өтө жөнөкөй, ичи таза, назик, бирөөнүн көңүлүн биринчи орунга койгон адам. Бизди да боорукер, жөнөкөй кылып тарбиялады деп ойлойм. Авамдын «Бирөөдөн бийик да болбо, ылдый да болбо, орточо бол» деген сөзү бар болчу. Авам эч качан кыйкырып же кол көтөргөн эмес. Биздин үй-бүлөдө баары башкача чечилчү, бизде үй-бүлөлүк чогулуш өтөт болчу, баарыбызды алдына отургузуп алып күндөлүк текшергени эсимде, жана башка туура эмес кылган нерселерибизди авам кыйкырык менен эмес, сөз менен жеткирчү. Ушундай чогулуштар өткөндөн кийин биз эжем, агам, мен болуп түнү бою чоң кагазга кантип оңолуштун күнүмдүк планын жазып чыгат элек. Азыр өзүм бала тарбиялап жаткан кезим, мен да көңүлгө берилип кетип кыйкырып жибергенде авамды эстеп кетем, авам кантип чыдаган экен деп калам. Дагы бир жолу авамдын акылынын күч экенине көзүм жетет. Мен да балдарыма ушундай тарбия берсем экен, авамдын акыл насаатын өз балдарыма бере алсам экен деп калдым.

  Авамды жоготуу менен жүрөгүмдө чоң арман пайда болду, мен авама эч нерсе бере албаптырмын. Баары кыз баласын, сенден эч нерсе күткөн эмес, бактылуу болгонун эле керек дегени менен, бул менин кичине кезимден тилеген тилегим болчу, авам менен апамды сыймыктандырып, кичине болсо да алар мага берген нерсени кайтырып берсем экен деген тилек. Эми бул тилек орундалбас болду. Авамдын ушунчалык шашылып кетерин ким билиптир. Шашылганы шашылган, эл жөнүндө көп кам көрөт болчу. Түнү-күнү иш деп жүрчү, кылган ар бир жумушуна, жүрөгүн салып берет болчу. Ар бир адамдын көңүлүн, айта турган сөзүн алдын ала сезип турчу. «Ава, болду, эми өзүңүздү ойлон, сиздин жасап жаткан жумуштарыңызды түшүнгөнү да бар, түшүнбөгөнү да бар. Мен ушунча мээнетиңизди эл билбейт деп корком,» – деп кабатыр ала берет болчум. Кээде студенттердин арасында да жол тосуп жол, бербей койгон макоолор да болчу. «Билбесе билбесин» – дей берчү. «Эң негизгиси көңүл, бирөөнүн көңүлүн оорутуп албаш керек» – деген сөздөрү дагы деле кулагымда жаңырып турат.

   Жумушу ушунчалык көп, алдыга койгон максаттары баары эл үчүн болчу. Бизге эч нерсе керек эмес ава, бизге ден-соолукта жүрсөңүз гана жетет дей берчүмүн. Көрсө авам бейишке даярданып жүргөн турбайбы. Аттиң авам кайтып кеткенден кийин, бизге эч нерсе кереги жок, үйдө отуруп ден-соолугуңузду караң дегеним менен, баары бир Кыргызстандын келечегин, башкасын билбедим, бирок авам өзгөртө алат, өнүктүрө алат деп каттуу ишенет экен элем. Эми эч нерсеге көзүм жетпей калды, эми авама болгон ишенимим ушунчалык күчтүү экенин түшүндүм, балким авам да эч кимге ишенбегени үчүн, ооруганына карабай, жумушун таштабай элди ойлоп жүрөр беле. Авама министр бол деп үч жолу сунуш келди, үчүнчүсүндө авам чыдабай « Эми Кыргызстандын билим берүүсүн жакшы жакка өзгөртөм» деген болчу. Авама орун эмес Кыргызстандын келечеги керек болчу. Аттиң кайран кыргыз, жакшыны тирүүсүндө жакшы дей албай, жаманды жаман экенин биле албай кайда гана бара жатабыз? Министрден алып койгондо авама кабатыр алып чалсам авам: «Кыжалат болбо кызым, мен эч нерсе жоготпойм, бирок кыргыз билим берүүсү көп нерсени жоготту» -деген, ошондо да кыргызымды ойлоп. Ошону бирөө билсе гана деп эле калгам.

   Эми аттиң кылып кайда бараар элем, болгон иш болду, авамдын кете турган убактысы келип калган экен, бул сөздөр, кыргыз эли бирөөнүн жамандыгын эле издей берберстен, бири бирин көрө албастык менен гана алектенбестен, жакшыны жакшы экенин көзү тирүү болгондо эле көтөрмөлөбөсөк да сөз менен болсо да айтып койсок кандай күнгө жетмекпиз. Бизди кандай келечек күтмөк!

   Менин авам Каныбек Исаков. Тирүүсүндө айтпайт болчум, авам уялат болчу. Мен авам менен сыймыктанам. Менин авам таза, мыкты, акылдуу киши. Мыкты ата болду.

   Бирок атамдын жок экендигине дагы деле ишене элекмин, ишенгим да келбей турат. Бир убакытта эсимден да чыгып кетет, бирөө кайыр айтса авамдын жок экенин эстеп жүрөгүм ооруп өзүмдү өзүм сооротуп жаткан кез. Башка бирөөнүн батасы болуп жаткандай эле жүрөм. Кантсе да мен Кудайыма ыраазымын, ушундай үй-бүлөгө туш келип, ушундай атадан тарбия алганыма миң мертебе ыраазымын. Тилегим авам бизге арбагы менен сүйүнүп, сыймыктанып турушу. Биз болсо ошол үчүн жакшы адам болууга аракет жасап, авам менен бейишке кирейли деп тилеймин”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru