“Баш сөөктөрү сынган”. Санкт-Петербургда кыргыз жараны чатырдан кулап кетти

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны бала бакчанын чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Кечээ, 12-январда Седова көчөсүндөгү бала бакчанын чатырындагы карды тазалап жаткан кыргыз жараны кулап кеткен. Ал “Тез жардам” кызматы менен дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер анын баш мээси ачык жаракат алганын, баш сөөктөрү сынганын аныкташкан. Учурда бейтаптын абалы оор экени айтылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru