Башкы дарыгер Бишкек тургундарына тамак-аш жана дары-дармек жагынан жардам сурап кайрылды

№17 ҮМБнын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова Бишкектин ыктыярчыларына жана камкор тургундарына дарыгерлерге жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. «Дары-дармектер жок, жей турган эч нерсе жок, чатырдан суу агып жатат»,- деп медиктер оор шарттарга нааразы болушту 15 Ал эми кызыл зоналарда абал андан жакшы эмес. Ташибекованын айтымында, мобилдик бригадаларда иштеген дарыгерлерге түшкү тамак гана берилип, кечки тамакты алар өздөрү сатып алышы керек, айрымдарын туугандары алып келишет. «Менин өлкөмдө эмне болуп жаткандыгын түшүнбөйм, дарыгерлер чарчашты, чындыгында эле башталгыч шарттарды түзүү мүмкүн эмеспи? Медиктер, үн каткыла,чындыкты бетке айткыла. Мен силерге чын жүрөктөн жардам бергим келет.» Башкы дарыгер бир күн мурун Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаевге дарыгерлерге компенсация төлөп берүү маселеси боюнча барганын айтты. «Алар комиссиянын курамына кирли, алар арыздарды териштирүүдө комиссиянын ишине мониторинг жүргүзүшөт жана жардам беришет. Топту Эрик Ирискулбеков жетектейт. Бир аздан кийин мен силерге чечилбеген көйгөйлөрүңүз менен кат жөнөтө турган электрондук почта билдирүүсүн берем. Үмүттү үзбөгүлө, , биз чындыкты айтууну үйрөнүшүбүз керек жана коркпошубуз керек», – деп башкы дарыгер медициналык кызматкерлерге кайрылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru