народный

Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты. Тизме

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров баш прокурордун орун басарларын жана аскер прокурорун дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйруктарга Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, төмөнкү адамдар жаңы кызматка дайындалды:

  • Нуркамал Набиев — башкы прокурордун биринчи орун басары;
  • Башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору болуп Сагындык Мукашов;
  • Абай Молдокматов — башкы прокурордун орун басары;
  • Турусбек Ишеналиев — башкы прокурордун орун басары.

Ушуну менен Башкы прокуратуранын жетекчилик курамы толугу менен алмашты.

Жакында эле Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп барган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru