Батирден 90 миң сомдук алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды
Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-майда милиция кызматкерлерине И.К аттуу жаран кайрылып, анда Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен 90 миң сомдук алтын буюмдар уурдалганын кабарлаган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.