Баткен облусунда БУУ тарабынан 113тонна азык түлүк таратылды


Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы тарабынан Баткен облусунда 690 үй бүлөнүн ар бирине, 150кг байытылган буудай уну жана 15литр өсүмдүк майы таратылууда. Таратылган азык түлүктүн көлөмү 113 тоннаны түзөт. Бул туурасында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор алкагында азык-түлүк жардамы элдерге буга чейин коомчулук жумуштарын аткарганы үчүн берилип келген.
Бул ирет багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн жарандарга берилди.
Белгилей кетсек азык түлүктөр облустун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, 2020-жылдын март айында жогорудагы окутуудан өткөн жарандарга берилди.
Бул окутууларга Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар үй бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү.
Бул долбоор БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан, аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программасын колдоо максатында ишке ашып жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru