народный

Баткен облусунда окуучулар дистанттык негизде окуп баштады


Баткен облусунда да окуу программаларынын аткарылышын аралыкта камсыз кылуу менен окуучуларга IV чейректи окутуу 2020-жылдын 8-апрелинен башталды. Бул туурасында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин окуучу жана ата-энелердин, мугалимдердин аралыкта окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар алынды.
Облустун көпчүлүк мектептеринде edupage программасын колдонуп, окуучуларды баалоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Мугалимдер окуучулар менен иштөөдө вотсап жана edupage, ZOOM, Telegram, Kahot, мультиурок тиркемеси аркылуу кайтарым байланыш жасай алаары такталды.
Бардык мугалимдердин өзүндө окуткан классынын вотсап группалары ачылды.
Бала бакчалар жана 1-4-класстардын окуучулары үчүн КТРК “Баластан” телеканалы, 5-11-класстар үчүн ЭлТРдин “Билим жана илим”, “5 канал”, “Пирамида”, “Санат” каналдары аркылуу теле сабактар көрсөтүлүшү маалымдалды.

Баткен облусунда 245 мектеп, 104547окуучу, 7646 мугалим бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru