Баткен облусунун аймагында жарандарга акысыз беткаптар таратылууда

Облустун бардык район шаарлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, жергиликтүү тигүү цехтери менен келишим түзүп,  элди акысыз беткап менен камсыздоодо. Ошондой эле аймактагы кесиптик лицейлер, мекеме иш каналардын кызматкерлери, үйдө олтурган ыктыярчы кыз келиндер тарабынан тигилип, таратылууда. Бул тууралуу, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө Лейлек району 8000, Кадамжай району 13000,Баткен району  7000, Сүлүктү шаары 1700, Баткен шаары 8500, Кызыл-Кыя шаары 6000 беткапты жергиликтүү тургундарга таратты, учурда дагы 5000 беткапга буюртма берилген. 

Белгилей кетсек, буга чейин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан беткап тигүү үчүн район шарларга медициналык марлилер жиберилген. 

Мындан сырткары мамлекет тарабынан дарыгерлер, ишкерлер тарабынан элдер  акысыз беткап менен камсыз болушту. Ошондой эле жер жерлерде дарыгерлер үчүн атайын медициналык коргонуучу, көп жолу колдонуучу атайын  кийимдер тигилип колдонууга даярдалып жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru