Баткенде 43 жаштагы мектеп директору бычакталып каза болду

Баткен облусунда мектеп директору бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Бычакталып каза болгон жаран Баткен районунун Бөжөй айылындагы мектептин директору болгон. Ал алган жаракатынан улам Айдаркен аймактык ооруканасынан каза болгон.

Бул кылмышка шектелип ушул эле айылдын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кармалган. Учурда шектүү камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru